Казакстан-Германия: Суу ресурстарын башкаруу программасы ишке ашат

Казакстан-Германия: Суу ресурстарын башкаруу программасы ишке ашат

Казакстан менен Германия суу ресурстарын башкаруу программасын биргелешип ишке ашырат. Тиешелүү келишимге өлкөнүн Суу чарба жана ирригация министрлиги менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коому кол койду. Анын алкагында ресурстарды текке кетирбестен Борбордук Азия регионунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана Аму-Дарыя менен Сырдарыя өзөндөрүнүн бассейндерин климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча чаралар иштелип чыгат. Немис тарап атайын гранттарды бөлүп, серепчилер жана керектүү жабдуулар түрүндө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү адистерди окутат. Бул программага Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы катышууда. Долбоорду 2027-жылдын бирдин айына чейин ишке ашыруу мерчемделип жатат.

Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун колдоосу менен суу-энергетикалык кызматташтыктын алкагында өз ара кабыл алынган механизмдерди талкуулоо боюнча аймактык жумушчу топтун мындай демилгесин толук колдойбуз. Бүгүнкү күндө уюм көтөрүп жаткан  көйгөйлөр бизде да актуалдуу. Көпчүлүктү тынчсыздандырган жалпы маселелер. Колубузда болгонду чогуу пайдалана билишибиз керек. Бул жерде ар бир мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктары эске алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков