Түрк мамлекеттери уюмунун экономикалык дарамети

Экономикалык байланыштар жана маданий диалог. Серепчилердин айтымында, Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттер менен аны көзөмөлдөгөн өлкөлөрдүн өз ара аракети дал ушул багыттарга негизделген. Бул учурдун талабы, дешет талдоочулар. Дүйнөлүк деңгээлдеги сындар жана дүйнөдөгү өтө татаал геосаясий окуялар түрк дүйнөсүнүн интеграциясына жол ачат. Жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен долбоорлор керек. Серепчилер өлкөлөр үчүн өзгөчө соода, энергетика, коопсуздук, логистика жана транзит сыяктуу стратегиялык тармактарда күчтү бириктирүү абзел экенин айтышат.

Дина Айкенова, саясат таануучу:
 - Түрк мамлекеттери уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода акыркы жылдары 20%га жакын өстү. Бул пандемиядан кийин түрк дүйнөсү экономикалык кызматташтыкты жандандырып, жаңы транспорт коридорлорун ишке киргизип жатканын билдирет. Учурда Түрк мамлекеттеринин уюму өз ара кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө артыкчылык берип жатат. Бүгүнкү күндө кызматташтыктын дарамети жогорулаганын көрүп турабыз. Буга Түркия сыяктуу негизги оюнчулардын активдүүлүгү оң таасирин тийгизгени анык. Келерки жылы Казакстан Уюмга төрагалык кылганда да жаңы өзгөрүүлөр болору талашсыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков