Казакстандын Премьер-министри IV Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Казакстандын Премьер-министри IV Ташкент инвестициялык форумуна катышты

Борбор Азия өлкөлөрү энергетика тармагындагы трансчегаралык  долбоорлорду ишке ашырып, «жашыл» энергияны өндүрүү ишинде аракеттерин бириктириши керек. Казакстандын Премьер-министри IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда региондогу өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын атады. Олжас Бектенов өз ара пайдалуу дараметти жогорулатууда транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул жаатта Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун алкагында биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Өкмөт башчы ошондой эле санариптик инфраструктураны, анын ичинде маалымат борборлорун, трансулуттук була-оптикалык тармактарды трансформациялоого, жасалма интеллект экосистемасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Инвестицияларды тартуу региондун экономикалык парадигмасынын негизги фактору болуп саналат. Казакстан 2029-жылга чейин экономикага 150 миллиард доллардан кем эмес чет элдик капиталдын агымын камсыз кылууну көздөп жатат. Бул амбициялуу жана жетишүүгө мүмкүн болгон максаттар. Бул үчүн улуттук экономиканы структуралык кайра курууга багытталган масштабдуу реформалар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Форумдун алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды. Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, өнөр жай, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өзбекстан Казакстандын маанилүү соода өнөктөшү. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында өз ара товар жүгүртүү дээрлик 10%га өсүп, 1,3 млрд АКШ долларын түздү. Алардын ичинен 1 млрд атамекендик экспорттун үлүшүнө туура келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков