Мамлекет башчысы эң оболу катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Түркия элине дагы бир жолу көңүл айтты. Президент ар дайым коркунучтарга даяр болуу керектигин белгилеп, өзгөчө кырдаалдар жаатында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Буга байланыштуу Түрк мамлекеттеринин уюму саммитти өтө зарыл иш-чара деп эсептей турганын билдирди. Режеп Тайып Эрдоган каза болгондорду куткарууга катышкан казакстандык куткаруучуларга ыраазычылык билдирди. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-логистика жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасады. Түркия жыл аягына чейин товар жүгүртүүсүн 10 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө. Эске салсак, өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 33 пайызга өсүп, 6 миллиард доллардан ашкан. Ошону менен бирге Режеп Тайып Эрдоган Транскаспий эл аралык транспорттук жолунун дараметин транспорт тармагында толук пайдалануу керектигин белгиледи. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев түрк инвесторлорунун Казакстандагы долбоорлорун колдоого даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков