Казакстанда интеллектуалдык менчикти коргогон санариптик платформа ишке кошулат

Казакстанда интеллектуалдык менчикти коргогон санариптик платформа ишке кошулат

Казакстандык музыка социалдык тармактарга кайтты. «Meta»  компаниясы менен атамекендик авторлор коомчулугу тиешелүү келишим түзүштү. Юстиция министрлиги тараптар макулдашкан келишим эки жылдын ичинде юридикалык күчкө ээ болорун билдирди. Мекеменин  өкүлдөрү бул документ музыкалык чыгармаларды санариптик чөйрөдө колдонуунун мыйзамдуулугун камсыздайт дешет. Башкача айтканда, авторлордун, аткаруучулардын жана укук ээлеринин кызыкчылыктары максималдуу корголот. Бул багытта Казакстанда алардын укуктарын коргоо үчүн жасалма интеллекттин негизинде санариптик платформа ишке киргизилет. Атамекендик алдыңкы система келишимдерди тариздөөдөн тартып сыйлыктарды бөлүштүрүүгө жана аларды төлөөгө чейинки механизмдерди жөнгө салат. Чыгарманы колдонуунун бардык этаптарын ыңгайлаштырып, аны онлайн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Шолпан Абдиреева, Юстиция министрлиги интеллектуалдык менчик комитетинин төрагасы:

- Жаңы платформанын максаты-автордук укук объектилерин колдонуучуларды бир платформага бириктирүү. Башкача айтканда, бул заманбап санариптик платформа аткаруучулардын же өндүрүүчүлөрдүн толук тизмесин түзөт. Ошондой эле бул жерге жамааттык башкаруу уюму менен келишим түзгөн бардык колдонуучулар катышат. Мындан улам автордук укук объектилерин ким мыйзамдуу колдонуп жаткандыгын көрө алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков