Жыйындын жүрүшүндө Жогорку палатанын өкүлдөрү бардык деңгээлдеги сотторго, анын ичинде мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Сенаторлор бул багытта пландуу иштер жүрүп жатканын белгилешти. Өткөн жылдын аяк оона айында палатанын алдында сот системасын реформалоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын мүчөлөрү сот адилеттигин жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды даярдашты. Отурумдун катышуучулары жазык процессине тараптардын катышуусун жана бирдей укуктарын өнүктүрүү, одоно каталар үчүн судьяларды жазалоонун сөзсүз болушун камсыздоо, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу институтун жаңыртуу, жазанын өтөлө элек бөлүгүн жеңилирээк жаза менен алмаштыруу сыяктуу жана башка маселелерин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков