Бул ишти Казакстан Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте «Улуу Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» сериялык трансулуттук номинациясын даярдоо жана илгерилетүү алкагында жүргүзүлүүдө, деп билдирет Маданият жана спорт министрлиги. Азыркы учурда Казакстандан 10 объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. 2025-жылга чейин алардын санын 16 бирдикке жеткирүү пландалууда. Ал эми 2030-жылга чейин 20 бирдикке жеткирүү жагы каралып жатат. Тишелүү мекеме бул руханий мурастарды даңазалоо, өнүктүрүү жана сактоодо маанилүү кадам болорун белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков