Казакстанда Уфа Мамлекеттик мунай техникалык университетинин өкүлчүлүгү ачылды

Казакстанда Уфа Мамлекеттик мунай техникалык университетинин өкүлчүлүгү ачылды

Батыш Казакстан агрардык-техникалык университетинин базасында Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинин өкүлчүлүгү ачылды. Бул жердеги максат - натыйжалуу эки тараптуу ишкер мамилелерди өнүктүрүү менен бирге эл аралык илимий жана билим берүү мейкиндигин түзүү. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын ортосунда тыгыз кызматташтык түзүлдү. Жыл сайын тараптар мамилелерди арттыруу үчүн жаңы форматтарды таап, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүдө. Жогорку окуу жайлардын ортосунда мугалимдерди даярдоо курстары уюштурулуп, биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлору, ошондой эле студенттердин академиялык мобилдүүлүгү ишке ашырылууда.

Олег Баулин, Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинин ректору:

Мурда Батыш Казакстан агрардык-техникалык университетинде студенттердин билимин кеңейтүү менен чектелчүбүз. Башкача айтканда, мунай жана газ тармагында алардын квалификациясын жогорулатуу менен эмгек рыногундагы суроо-талапка салым коштук. Атайын өкүлчүлүк ачуу менен бул жаатта эки тараптуу эффективдүү кызматташуу бекемделет деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, өкүлчүлүктө илимий-педагогикалык кадрлар даярдалат, аларга «Техника илимдеринин магистри» академиялык даражасы ыйгарылат. Мындан тышкары Батыш Казакстандын жаштары чет өлкөдөн иш тажрыйбасын ала алышат.

Сарсенбек Монтаев, техника илимдеринин доктору, профессор:

Бул өкүлчүлүктүн негизги максаты – облусубуздагы университетибизде билим алып жаткан магистранттар, студенттер, докторанттар эки университеттин материалдык базасында, окуу процессинде, илимий процесстерде биргелешип иш алып барып, билим алуусу. Эки дипломдук долбоор. Негизги күтүлгөн жыйынтык – студенттерибиз, магистранттарыбыз жана докторанттарыбыз иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатат. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү бир нече эсе жогорулата алат деп эсептейбиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков