Казакстанга жарандарды коргоонун негизги принциптери менен таанышуу максатында чет элдик аскер кызматкерлери келишти. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу операциялар борборунда БУУнун эл аралык күбөлөндүргөн курсу башталды. Иран, Кытай, Орусия, Сауд Аравия, Франция, Чехия, Жапония, ошондой эле Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери эл аралык уюмдардын миссияларынын концепциясын, элди коргоо боюнча бейпилдик күчтөрүнүн укуктары менен милдеттерин изилдеп жатышат. Дарстарды борбордун инструкторлору менен БУУнун Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү биргелешип өткөрүшөт.
Арман Тастанбеков, Коргоо
министрлигинин тынчтыкты сактоо операциялар борборунун ага офицер-окутуучусу:
- Курс эки жума жүргүзүлөт. Ошондой
эле, эки блоктон турат. Биринчи бөлүм БУУнун тынчтыкты сактоо боюнча киришүүсү
болсо, экинчи бөлүм уюмдун тынчтыкты сактоо миссияларында жарандарды коргоо
маселелерин изилдөөгө арналган. Бул курс аскерий, жарандык жана полиция
кызматкерлерин жарандарды коргоо боюнча БУУнун саясаты менен тааныштырууга
арналган.
Миржан Елеусинов, Коргоо
министрлигинин тынчтыкты сактоо операциялар борборунун ага офицер-окутуучусу:
- Курста окутулган бардык
материалдар БУУнун Тынчтыкты сактоо операциялары департаментинин окутуу кызматы
тарабынан иштелип чыгып, бекитилди. Бул курс БУУнун миссияларындагы жарандык
калкты коргоо мандаты менен катышкан бейпилдик күчтөрү үчүн өтө маанилүү. Сабактар
презентациялар, видеороликтер, топтук талкуулар жана иштелип чыккан
сценарийлер аркылуу өткөрүлөт.
Мунун негизинде команда маселелерди чечип, пленардык жыйындарга сунуш кылат. Инструкторлордун айтымында, бул курстан өтүү тынчтык орнотуучу аскерлерге жарандарды натыйжалуу коргоого жардам берет. Курс аяктагандан кийин катышуучуларга БУУнун сертификаттары тапшырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков