Өлкө намысын бийик көтөрүп, гимнди
ойнотуп,
көк тууну
желбиреткен
спортчулар
сыйланды.
Жыл бою мыкты спортчуларды тарбиялап чыгарган машыктыруучулар, мыкты спорттук командалар да сыйлыктан четте калган жок. Сергек жашоо образын карманган
аймак да белгилүү болду. Бул наамга Алматы облусу татыктуу деп табылды. Жылдын мыкты спортчуларынын катарында бокс боюнча дүйнө чемпиону Махмуд Сабырхан да бар. Булгаары
мээлей чебери быйыл Ташкентте өткөн дүйнөлүк мелдеште
алтын медаль тагынган.
Махмуд Сабырхан, жылдын
мыкты спортчусу/мушкер:
-
Быйыл Ташкентте өткөн дүйнө
чемпионаты Казакстан үчүн абдан
ийгиликтүү болду. 4 алтын, 1 күмүш утуп
алдык.
Ошол
алтын
алгандын бири мен болгом. Мыкты спортчу номинациясы бизге чоң мотивация
берет. Алдыда Парижде жайкы Олимпиада оюндары өтөт. Ошол олимпиадага дыкат даярданып, лицензия алып, олимпиада чемпиону болуп, 2024-жылы
да жылдын
мыкты
спортчусу
болуу
насип этсин.
Жалпысынан
быйылкы жылы улуттук курама команданын мүчөлөрү бир жарым
миңден ашык эл аралык мелдешке катышып,
860тан ашык медалга ээ болду. Алардын үч жүзгө жакыны алтын медаль. 70ке
жакын ата мекендик спортчу дүйнө
биринчиликтеринин баш байгесин жеңип алды. 60тан ашуун атлет
континенталдык Азия чемпионаттары менен оюндарынан байгелүү орундарга
жетишти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков