Казакстанда
кумар бизнеси катуу жөнгө салынат. Эми өлкөдө кумар оюндарына жана
букмекерликке 21 жашка чейинкилерге тыюу салынат. Кошумчалай кетсек,
мындай тыюу салуу мамлекеттик
кызматкерлер жана аскер кызматкерлери үчүн киргизилген. Бул актылар эми алар
үчүн коррупцияга каршы чектөөлөрдүн тизмесине киргизилди. Ошол эле учурда
өлкөдө кумар оюндарына көз каранды болгондорду каттоосуз дарылоонун жаңы
тартиби киргизилүүдө. Аларга консультативдик көзөмөл жүргүзүлүп, сапаттуу
медициналык жардам көрсөтүлөт. Ушул жана башка өзгөртүүлөр өткөн айда кабыл
алынган кумар оюндары жана лотерея иши жөнүндө жаңы мыйзамда каралган. Бул
тууралуу Астанада өткөн брифингде Туризм жана спорт министринин орун басары кененирээк
айтып берди. Мирас Түлебаевдин айтымында, мыйзамда 8 кодекске жана 14 мыйзамга
150 өзгөртүү киргизүү каралган. Мекеменин өкүлү документтин негизги жаңылыгы, деп
букмекердик кеңселердин тышкы жарнактарына тыюу салуу, ошондой эле мындай
жарнактар менен жарандарга СМС билдирүүнү белгиледи. Мыйзамда лотереяларды
сатууга да олуттуу чектөөлөр каралган. Аларды турак-жай имараттарында,
маданий-агартуу жана саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле диний
мекемелерде сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынат. Мындан
тышкары, лотерея мектептерден, университеттерден, ооруканалардан жана
клиникалардан жүз метр радиуста жеткиликсиз болуп калат.
Мирас Тулебаев, туризм жана спорт
министринин орун басары:
-Мыйзамга параллелдүү түрдө
мыйзамды кабыл алуунун алдында, бугу айынын 31де Өкмөт тарабынан өлкөдө
мыйзамсыз кумар оюндарына жана кумарканаларга көз карандылыктын деңгээлине
каршы күрөшүү боюнча комплекстүү план бекитилгенин өзгөчө белгилегим келет.
План толугу менен мыйзамдын жоболоруна ылайык жана алдын алуу иш-чараларын
жүргүзүүгө багытталган. Аны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча конкреттүү
көрсөткүчтөр белгиленди. Эң негизгиси букмекердик кеңселердин жана казинолордун
активдүү кардарларынын санын эки эсеге 42%га кыскартуу. 500дөн кем эмес адамга
акысыз реабилитациядан өтүп жаткан кумар оюндарына көз каранды адамдарды камтуу.
Ошондой эле жыл сайын кеминде 7 миң онлайн казино жана букмекердик сайттарды
бөгөттөө. Бул план жалпысынан 28 иш-чарада камтылган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков