Сенаторлор президенттин кайрылуусунун негизги басымдарын атады

Сенаторлор президенттин кайрылуусунун негизги басымдарын атады

Президент Касым-Жомарт Токаев санариптештирүү жана AI өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтары деп атады. Мамлекет башчысы Казакстан элине кайрылуусунда мындай технологияларды бардык жерде – экономикада, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик башкаруу системасында киргизүү зарылдыгын белгиледи. Бул айыл чарба же геологиялык чалгындоо тармактарын тездетүү гана эмес, чоң маалыматтарга жана так божомолдорго негизделген чечимдер кабыл алынуучу жаңы экосистеманы түзүү тууралуу да болуп жатат. Парламент депутаттарынын пикиринде, мындай басым өлкөнүн технологиялык секирик жасоо боюнча стратегиялык багытын көрсөтүп турат.

Евгений Больгерт, Парламент сенатынын депутаты:

- Бүгүн иш жүзүндө бардык кайрылуунун негизги темасы санариптештирүү жана жасалма интеллектти жашообуздун бардык тармактарына киргизүү болду. Башкача айтканда, бул биздин башкаруу системабызда, мамлекеттик башкарууда натыйжалуулукту жогорулатуу, талдоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон маалыматтарды топтоо жана тастыкталган сандардын негизинде тармактардын да, социалдык сектордун да өнүгүүсүнүн мындан аркы стратегияларын түзүү үчүн жасалууда.

Президент өлкөнүн санариптик өнүгүүсүн гана эмес, инвестиция тартууну да активдештирүүгө чакырды. Мамлекет башчысы бул үчүн системаны толугу менен жаңылоону тапшырып гана тим болбостон, инвестиция салуунун багыттарын жана көлөмүн да так аныктады.

Бекболат Орынбеков, Парламент сенатынын депутаты:

- Эгер бүгүнкү кайрылууну толук талдай турган болсок, Президент ар бир тармакка токтолду. Негизги багыттар белгиленди. Биз өз ишибизде аларга таянабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков