Казакстан менен Мажарстандын президенттери Alem.AI эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты. Инновациялык мейкиндик өлкөдөгү заманбап технологияларды өнүктүрүүгө, таланттуу жаштарды колдоого жана IT секторундагы дараметтүү долбоорлорду илгерилетүүгө арналган. Бул ата мекендик жасалма интеллект чечимдеринин экспортун 2029-жылга карай 5 млрд долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, Астананы Борбордук Азиядагы жасалма интеллект боюнча жетектөөчү шаарга айландырмак. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевге жаңы казакстандык долбоорлор тааныштырылды. Алардын ичинде - реабилитацияны тездете турган биомеханиканын портативдүү жасалма интеллект лабораториясы жана рыноктогу инвестициялык портфелдерге мониторинг жасай турган стартаптар бар. Казакстандын Президенти Бээжинде жасалма интеллект боюнча өткөн эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен баарлашты. Билим таймашында ата мекендик окуучулар 7 медаль жеңип алды, анын үчөө алтын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

