Казакстандын үч тасмасы «Азия Оскарын» жеңип алды

Казакстандын үч тасмасы «Азия Оскарын» жеңип алды

Укмуштуудай ийгилик! Казакстандын үч тасмасы бир эле учурда эл аралык кино сыйлыкка ээ болду. Австралияда жыл сайын өтүүчү Asia Pacific Screen Awards фестивалында Асхат Кучинчерековдун «Бооруна кысуу» дебюттук тасмасы «Мыкты жаштар фильми» номинациясында жеңишке жетти. Кинематографиянын мыктысы үчүн сыйлык Айсултан Сейитовдун «Каш» тасмасына ыйгарылды. Ал эми «Бир туугандар» тасмасынын башкы каармандары Айбар Сала менен Алишер Исмаиловдор мыкты жаш актёрлор деп табылды. Айта кетсек, бардык тасмалар буга чейин бир нече жолу ири кинофестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон. Бирок, бул дүйнөдөгү алдыңкы сыйлыктардын бири болуп саналат, адатта аны «Азия Оскары» деп аташат. Иш-чара дүйнөлүк кинематографиядагы маданий көп түрдүүлүктү жайылтууга багытталган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков