Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Улуттук энергетикалык системанын туруктуулугу боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында энергетика жана суу ресурстары министрлери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты. Казакстандын Президенти энергетикалык коопсуздук бүгүнкү күндө өлкөнүн көз карандысыздыгына жана экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи. Жалпысынан алганда, учурда ресурстар электр энергиясы менен камсыз кылууга жетиштүү, бирок суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу кубаттуулуктарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарыл. Мамлекет башчысы маневрлүү генерацияны өнүктүрүүнүн жана гидроэнергетиканын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануунун, ошондой эле сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйыныгында Президент Өкмөткө жана региондордун акимдерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков