Казакстан менен Израилдин президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Казакстан менен Израилдин президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Акордада мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Израилдин Президентинин сүйлөшүүлөрү өттү. Ицхак Герцог Казакстанга расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев өлкөлөрдүн 1992-жылдан бери тыгыз жана достук мамиледе экенин баса белгиледи. Бул убакыт аралыгында саясий жана экономикалык, инвестициялык кызматташтыкта олуттуу натыйжаларга жетишти. Өз кезегинде Израилдин президенти 1993-жылы Казакстанга келген атасы Хаим Герцогдун жолун улантып, Акордада болуу өзү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Эки тараптын өз ара аракеттенүүсүндө, атап айтканда, жогорку технологиялар жаатында чоң дарамет бар экенин баса белгиледи. Президенттер Казакстандын Авраам Келишимдерине кошулуу чечими тууралуу да сөз кылышты. Касым-Жомарт Токаев бул кадам Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы мамилелерди турукташтырууга жана соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө салым кошууну билдирет деп белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан мурда кабыл алынган чечимге бекем кармангандыгы белгилүү, биз Авраам Келишимдерине кошулуу аземи жакынкы келечекте Астанада өтүшү мүмкүн деп эсептейбиз. Ошондой эле жасалма интеллект жана санариптештирүү сыяктуу маанилүү багыттарда кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенибизди белгилеп кетким келет. Быйылкы жыл Казакстанда санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланды. Мен бул маселеге өзгөчө көңүл бурам.

Израилдин Президенти ошондой эле Казакстандын Авраам келишимдерине кошулуу жана Тынчтык кеңешине катышуу чечимин кубаттады. Ицхак Герцог Казакстан менен Израилдин ортосундагы кызматташтык прогрессивдүү өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Ицхак Герцог, Израиль Президенти:

– Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жана ишкердик байланыштарды эки, ал тургай үч эсе көбөйтүү үчүн болгон дараметти өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул багытта практикалык кадамдарды жасоого болот. Айрыкча, биз түз авиакаттамдарды ачууга кызыкдарбыз, бул бизнес жана соода мамилебизге оң таасирин тийгизет. Учурда бир катар макулдашуулар, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар саясий диалогду үзгүлтүксүз жүргүзүү жана мындан ары байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча макулдашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков