Акордада төрт мамлекеттин – Кувейттин, Монголиянын, Монако Княздыгынын жана Сальвадор Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Касым-Жомарт Токаев дипломаттарды Казакстандагы расмий миссиясынын башталышы менен куттуктап, алардын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди. Президент өлкөдө масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирип, жалган куран айынын 15де республикада жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөнүн эске салды. Биз Адилеттүү Казакстанды куруп жатабыз жана инновацияларды, жасалма интеллектти өнүктүрүүгө багытталган мамлекет болууга умтулабыз, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Президент Казакстандын башка өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган, тең салмактуу тышкы саясатын жүргүзүп жатканын өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы жакынкы аралыкта өлкөдө боло турган маанилүү окуяларды белгиледи. Мисалы, кийинки жумада Монголиянын Президентинин сапары күтүлүүдө, андан кийин Астанада БУУнун колдоосу астында Региондук экологиялык саммит жана Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.
Гунаажавын Батжаргал, Монголиянын Элчиси:
– Бүгүн биздин өлкөлөр стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө. Андан тышкары, соода-экономикалык кызматташтык активдүү өсүүдө. Монголиянын президенти кийинки аптада Казакстанга келип, Астанадагы өтө маанилүү эл аралык иш-чарага - Регионалдык экологиялык саммитке катышат. Мен биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө өсүп жаткан дараметти көрүп турам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

