Казакстан дагы бир жолу эл
аралык тынчтыкты сактоо иш-чараларында алдыңкы орунга чыкты. БУУнун Башкы
ассамблеясынын дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы дүйнөлүк
чакырыктардын чөйрөсүн аныктап, глобалдык каатчылыкты чечүү жолдорун сунуштады.
Парламенттин жогорку палатасынын депутаты Али Бектаевдин айтымында, казак
лидеринин демилгелери адамзаттын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Касым-Жомарт
Токаевдин өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо боюнча аймактык хаб болууга даяр
деген билдирүүсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул кадам Борбор Азиядагы
кырдаалдын чыңалуусуна жол бербейт. Башкача айтканда, аймактын экономикалык
өсүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Жалпысынан президенттин Нью-Йоркко болгон жумушчу
сапарынын программасы жана жолугушуулардын графиги өлкөнүн регионалдык лидерлиги
менен катар дүйнөлүк деңгээлдеги аброюн көрсөттү, - дешет саясатчылар.
Али
Бектаев, Парламент Сенатынын депутаты:
-Адаттагыдай
эле президент абдан олуттуу маселелерди көтөрдү. Бул мамлекет башчынын тарыхый
сапары болду деп ойлойм. Анда бардык маанилүү темалар камтылган. Президенттин
аброю жана анын дипломатиялык позициясы мамлекеттер арасында, өзгөчө өлкөнүн
өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет. Бул сапардан Казакстандын экономикасына
инвестиция тартуу жана дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды жөнгө салуу багытында чоң
жыйынтыктарды күтөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.