Өкмөттө 2025-жылга суу ташкынына даярдыктын жүрүшү талкууланды

Өкмөттө 2025-жылга суу ташкынына даярдыктын жүрүшү талкууланды

Суу каналдардын, арыктардын жана дренаждык тутумдардын даярдыгын камсыз кылуу, ошондой эле суу каптоо коркунучу бар бардык калктуу конуштарды коргоону иштеп чыгуу. Мындай тапшырмаларды Костанай, Актөбе, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан облустарынын жана Абай облусунун акимдерине премьер-министр берди. Олжас Бектенов өкмөттө 2025-жылдагы суу ташкынына даярдыктар боюнча жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, негизги милдет – калк жана инфраструктура үчүн мүмкүн болгон суу ташкынынан тобокелдиктерди азайтуу. Бул үчүн, атап айтканда, коңшу мамлекеттер менен трансчегаралык дарыяларда суунун чыгымдары жана коркунучтардын пайда болушу жөнүндө маалыматтарды алмашуу маанилүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана суу министрлиги үчүн өзүнчө тапшырмалар берилди. Бул синоптиктер келе жаткан кыш көп жылдык нормадан ашык жаан-чачындуу болору менен байланыштуу. Суу ташкынын болжолдоону жакшыртуу үчүн Казгидромет тиешелүү иштерди жүргүзөт. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 377 гидропост, 25 кар өлчөөчү каттам жана 347 метеорологиялык станция иштеп жатат. Жалпысынан өлкө боюнча дарыяларды жана көлдөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүп, миң чакырымдан ашык дамба курулуп, суу каптаган аймактардагы жолдор бекемделди. Азыр суу ташкынын моделдөө тутумуна жүктөө үчүн суу каналдарын топографиялык изилдөө жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков