Казакстанда зайтун майын өндүрүү башталышы мүмкүн. Тунистик ишкерлер Казакстанда зайтун бактарын өстүрүүгө инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу Астанага иш сапары менен келген Түштүк Африканын өкүлдөрү атайын брифинг учурунда билдиришти. Тунис Республикасынын айыл чарба министри зайтун майын жана курманы көп санда түз экспорттоого даяр экендиктерин билдирди. Белгилей кетсек, быйыл аталган өлкөгө биринчи жолу 70 миң тонна казак буудайы жеткирилген. Абдель Белати ошондой эле импорттук дандын көлөмүн көбөйтүүгө дилгир экендиктерин белгиледи. Тараптар улуттук азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында агроөнөр жай комплекси багытында кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтет. Мүмкүнчүлүктөр кенен. Ошону менен бирге эки өлкө тең заманбап агротехнологиялар жана инновациялар боюнча билим алмашууга даяр экендиктерин билдиришти. Тиешелүү меморандумга кол коюлду.
Абдель Монем Белати, Тунис Республикасынын айыл чарба министри:
-Казакстан менен айыл чарба тармагында жаңы келишимдерди түзүүнү көздөп
жатабыз. Мындан тышкары Казакстанда зайтун өстүрүүгө инвестиция салууга
даярбыз. Анткени зайтунду кыйыштыруу көп изилдөөнү талап кылат. Ал эми Тунисте бул тармакта көптөгөн илимий изилдөө борборлору бар. Ошондуктан
Казакстан менен Тунис айыл чарба өсүмдүктөрүн изилдөө жаатында биргелешип иш
алып барса болот деп ойлойм.
Ерлан Байдаулет, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мүдүрү:
-Биз эл аралык уюм болгондуктан бул ишти мүмкүн болушунча өзүбүз тараптан
окумуштуулар аркылуу, техникалык жардам катары жасайбыз. Биздин уюм аркылуу
ушундай дарамети көп өлкөлөр менен мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттыргыбыз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.