Казакстанда 16 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер жасалма интеллект
куралдарын өздөштүрдү. Азыр алар отчетторду түзүү, маалыматтарды талдоо жана презентацияларды
даярдоо үчүн активдүү колдонуп жатышат. Санариптештирүү министрлиги
белгилегендей, жылдын аягына чейин AI Qyzmet билим берүү программасы боюнча 30
миң мамлекеттик кызматкерди жасалма интеллект менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү
пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бул Борбор
Азиядагы биринчи ушундай долбоор болуп саналат.
Алибек Сайлаубаев, Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр
жайы министрлиги комитетинин төрагасы:
- Бул курс жасалма интеллект тууралуу жалпы түшүнүк берүүгө, анын куралдарын колдонууга, ошондой эле промт-инжинирингдин негиздерине үйрөтүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

