Казакстанда суу ташкыны штаттык режимде өтүп, бийликтин
көзөмөлүндө турат. Бул үчүн бардык иш-чараларга күн сайын мониторинг жана
координация жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттө өзгөчө кырдаалдар министрлиги
билдирди. мекеменин маалыматы боюнча, республиканын түштүк жана батышында суу
каптап, анын активдүү фазасы Акмола облусунда да өтүп, дарыялардагы суунун
деңгээлинин төмөндөшү байкалууда. Ошону менен бирге өрт коркунучу бар мезгилге
карата даярдыктар көрүлүп жатат. Токой жана талаа өрттөрү
менен күрөшүүдө космониторинг маалыматтары жана санариптик технологиялар
колдонулат. Ошентип, токой өртүн эрте аныктоо системасын иштеп чыгуу боюнча
иштер башталды. Бул үчүн жер-жерлерде байкоочу видеокамералар орнотулуп, өрт
чыккан учурда система ыкчам башкаруу борборуна жана андан ары ӨКМдин командалык
борборуна сигнал берет. Мындан тышкары коркунуч индекси чагылдырылган бүткүл
Казакстандын интерактивдүү картасы түзүлдү. Ал үчүн маалыматтарды жердеги метеостанциялар жана
спутниктер берет.
Олжас
Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Экология министрлиги акимиаттар
менен биргеликте, санариптештирүү министрлиги жана «Казактелеком» компаниясы өрттү эрте аныктоо, өрттүн өнүгүү кырдаалын
моделдөө жана аларды өчүрүү алгоритмдери тутумунун камтылышын көбөйтүшү керек. Тийиштүү
план-график иштеп чыгып, аны өкмөттө бекитип, андан соң анын аткарылышын камсыз
кылууну тапшырам. Акимчиликтер калктуу конуштарда өрт постторун жана ыктыярдуу
өрткө каршы түзүлүштөрдү уюштуруу боюнча ишти улантуусу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

