35 этникалык казак Ооганстандан Казакстанга эвакуацияланды. Мекендештерди мекенине кайтаруу президент Касым Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен ишке ашты. Коргоо министрлигинин атайын учагы Кабулдан учуп чыгып, Алматы аэропортуна конду. Бардык жүргүнчүлөр карантиндик чараларды сактоо үчүн обочолонуу борборуна жаткырылды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учуу «Талибан» кыймылынын макулдугу менен ишке ашырылган. Учурда Казакстандын Кабулдагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат. Дипломаттар Ооганстандагы мекендештер менен туруктуу байланышта. Алардын улутун тастыктоо боюнча иштер улантылууда.
Магауия Сарбасов, «Мекендештер» фондунун вице-президенти:
- Бүгүн Алматы аэропортуна Ооганстан аймагынан келген этникалык казактардын биринчи тобу конду. Ооганстандан мекендештерди чыгарып кетүүнү мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги жана Казакстандын Кабулдагы элчилиги уюштурду.
Хасан Дерман, мекендеш:
- Бул жерде мага жардамдашып, колдоп келгендериңиздер үчүн чоң рахмат. Мен Казакстандын президентине, жардам колун сунган башка адамдарга, журналисттерге жана Ооганстандагы элчиликке ыраазычылык билдирем. Аман болуңуздар. Биз өз мекенибизге, тарыхый мекенибизге келгенибизге кубанычтабыз. Жубайым паспорту жок, келе албады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков