БШКда президенттике талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгы чыгарылды

БШКда президенттике талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Казакстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Жалпысынан Борбордук шайлоо комиссиясына республикалык коомдук бирикмелерден 12 талапкердин документтери тапшырылды. Бүгүнкү күндө бешөө гана мыйзам талаптарына жооп берет деп табылган. Булар азыркы мамлекет башчысы, элдик коалиция сунуштаган Касым-Жомарт Токаев, Жалпыулуттук социал-демократиялык партиясынын өкүлү – Нурлан Ауесбаев, “Аманат” профсоюздар шериктештигинен Мейрам Кажыкен, “Ауыл” элдик патриоттук партиясынан – Жигули Дайрабаев, жана Кесипкөй социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан - Каракат Абден. БШКдан билдиришкендей, дагы жети талапкердин документтери каралууда.

Мухтар Ерман, БШК катчысы:

- Дал келүү азыр жүрүп жатат, ал аткарылып жаткан иш. Ошондой эле айрым талапкерлер казак тилинен сынак тапшырышкан. Экзамендер уланууда, иш уланууда. Башкача айтканда, учурда биз ушундай иштөө режиминде турабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков