Сенаторлор эки окууда коомдук көзөмөл тууралуу мыйзамды кабыл алды

Сенаторлор эки окууда коомдук көзөмөл тууралуу мыйзамды кабыл алды

Казакстанда петиция институту мыйзамдаштырылды. Өлкө парламентинин жогорку палатасы «Коомдук көзөмөл жөнүндө» мыйзамды жана аны коштогон документти эки окууда жактырды. Документ жарандардын мамлекеттик иштерди башкарууга катышуусун жана өлкөнүн объектилеринин ишмердүүлүгүнүн коомчулук үчүн ачык-айкындуулугун көздөйт. Сенаторлордун айтымында, жарандардын кайрылуусу мамлекеттик органдарда каралышы үчүн башкаруу деңгээлине жараша эки жарым миңден 50 миңге чейин адамдын колу талап кылынат. Буга кошумча, мыйзам коомдук көзөмөлдүн объекти жана субъектисинин түшүнүктөрүн аныктайт. Акыркылар топ түзүүгө, серепчилерди тартууга, маалыматтарды суроого жана коомдук көзөмөл органдарынын иш-аракетине же аракетсиздигине даттанууга укуктуу.

Данияр Кадыров, Маданият жана маалымат вице-министри:
-Коомдук көзөмөлдүн ар кандай түрлөрү бар. Бул коомдук мониторинг, коомдук угуу жана коомдук талдоо. Конституцияга ылайык, өлкөнүн жарандары аталган үч процесске тең катыша алышат. Бул жерде ар бир жарандын жана коомдук көзөмөлдүн субъекттеринин жана объекттеринин аракеттери жөнгө салынат. Субъекттерге жарандар, коммерциялык эмес жана башка уюмдар кирет. Объекттерге борбордук мамлекеттик органдар, жергиликтүү аткаруу органдары, квазимамлекеттик сектор жана ар кандай кызматтарды көрсөтүүчү органдар, мамлекеттик ооруканалар, мектептер жана башка ушул сыяктуу объекттер кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.