Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Сингапурдун президенти Халима Якоб менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы Казакстан-Сингапур Ишкерлер кеңеши маанилүү ролду ойногон эки тараптуу кызматташуунун бекем институционалдык негизинин бар экендигине токтолду. Мамилелерде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу да негизги орунду ээлейт. Ошентип, бүгүнкү күндө сингапурдук инвестициянын жалпы көлөмү 1,4 миллиард доллардан ашты, ал эми товар жүгүртүү 2 миллиард долларга жакындады. Биздин өлкөдө 140тан ашык сингапурдук компаниялар жана биргелешкен ишканалар иштейт. Мамлекет башчылары өнөктөштүктү кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Алматыга жакын жердеги G4 City агломерациясын куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу жана каржы институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Сингапурдун президентине I даражадагы «Достук» орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков