Казакстан Сенатынын төрагасы расмий сапар менен КЭРна барды

Казакстан Сенатынын төрагасы расмий сапар менен КЭРна барды

Казакстандын Сенатынын Төрагасы жана Палатанын бир топ депутаттары расмий сапар менен Кытайга барышты. Анын алкагында Маулен Ашимбаев Элдик саясий консультативдик кеңештин Бүткүл Кытай комитетинин жана Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагалары менен жолугушту. Анда парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо дарамети жана алдыдагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери талкууланды. Тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт, «жашыл» экономика, айыл чарба жана башка багыттардагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Азыркы учурда Казакстан менен Кытайдын достук жана коңшулук алакасы болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти десек болот. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, биз жылдан жылга мазмуну барган сайын байып келе жаткан чыныгы үлгүлүү мамлекеттер аралык мамилелерди жолго койдук. Мамлекет башчыларынын ортосундагы бекем достук, бекем жана ишенимдүү диалог биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө абдан маанилүү ролду ойнойт.

Ошондой эле, Маулен Ашимбаев Кытайдын диний лидерлери менен жолугушту. Анда дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын алкагында руханий дипломатияны өнүктүрүү маселелери жана диндер аралык жана конфессиялар аралык диалогду бекемдөөнүн жүрүшү талкууланды. Сапардын алкагында Чжэцзян провинциясынын губернатору Ван Хао жана Кытайдын серепчилик коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык дараметин жогорулатуу, маданий-гуманитардык байланыштар жана аймактар аралык кооперация маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Казакстан парламентинин депутаттары Ханчжоу шаарындагы бир катар инновациялык ІТ-компаниялардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков