Казакстан менен Өзбекстан чек арасы демаркацияланды

Казакстан менен Өзбекстан чек арасы демаркацияланды

Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны тактоо иштерин аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди. Айбек Смадияровдун айтымында, тараптар тиешелүү келишимге былтыр бештин айында кол коюшкан. Бирок Казакстан-Өзбекстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишим теке айынын 4нөн тарта күчүнө кирди. Мамлекеттик чек араны тактоо процесси 19 жылга созулду. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы келишимди күчүнө киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн 100 айлампасы болуп, биргелешкен комиссиялардын жыйындары өттү. Жыйынтыгында узундугу 2357 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы 1301 чек ара белгиси менен белгиленип, көлөмү 8000 барактан ашык болгон декмарциялоо документтери көрсөтүлдү.

Айбек Смадияров, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү:

Кээ бир жерлерде чек ара конуштар аркылуу өткөн. Чек араны тактоодо айрым жерлердин ландшафтары өзгөрдү. Атап айтканда, дарыялар менен көлдөр, айылдар, тоолор. Ошондуктан, бул иш этап менен жүргүзүлдү. Эки өлкөнүн кызыкчылыгы корголуп, эч кандай суроо жаралган жок. Бул эки тараптын катышуусунда өтө татаал процесс. Андан сырткары Тышкы иштер министрлиги, юристтер гана эмес, геодезисттер, картографтар, чек арачылар дагы башкача айтканда, көптөгөн структуралар катышат.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, өлкөлөр ортосундагы мындай келишимдин күчүнө кириши коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого, эки тараптуу, аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле Казакстандын түштүк багытындагы мамлекеттик чек арасын мыйзамдаштыруу процесси аяктаганын билдирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков