Келерки жылдан баштап ал аркылуу автоунаа, электроника, айыл чарба товарларын, курулуш материалдарын, ошондой эле рудаларды, металлдарды жана химия продуктыларын ташуу пландаштырылууда. Касым-Жомарт Токаев ишке киргизүү аземинде белгилегендей, бул долбоор эки өлкөнүн кызматташтыгына жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Хаб Кытайдын Шэньси аймагын Казакстан жана Борбор Азия менен байланыштырып, келечекте Европага, Түркияга жана Иранга жол ачат.
Касым -Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Акыркы 15 жылдын ичинде өлкөбүз бул тармакка 35 миллиард доллар инвестициялады. Ляньюньган портунда казак-кытай логистикалык борборун түздүк. Жаңы темир жол каттамдары ачылды. «Хоргос-Чыгыш дарбазасы» кургак порту ишин баштады. Каспий деңизинде заманбап инфраструктура түзүлдү. Бул чаралар жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү деп айта алабыз. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда темир жол аркылуу 23 миллион тонна жүк ташылган. Бул болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жүк ташуу 35 пайызга өсүп, 7 миллион тоннадан ашты. Биздин кызматташтыгыбыз муну менен эле чектелбейт. Транспортту андан ары өнүктүрүү үчүн кошумча инфраструктура керек. Ошондуктан кытайлык кесиптештерибиз менен биргеликте Сиань кургак портуна логистикалык борбор курууну чечтик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков