Тактап айтканда, Фолькер Түрк Конституциялык соттун түзүлүшү, Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматын күчөтүү, президенттин адам укуктарын коргоо, анын ичинде өлкөдө өлүм жазасын толугу менен алып салуу боюнча милдеттенмелерин белгиледи. Бул тууралуу ал Астанада журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Басма сөз жыйынында Фолькер Түрк жаңжал аймактарынан тагыраак айтканда Сириядан жана Ирактан 700дөн ашуун аял жана баланын кайтып келиши жана реинтеграцияланышы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди.
Фолькер Түрк, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары:
Мен сиздердин президенттин адам укуктарына берилгендигин жогору баалайм. Казакстан үчүн негизги укуктар жеке деңгээлде эске алынышы маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков