Сенат жасалма интеллект боюнча мыйзамдардын топтомун карады

Сенат жасалма интеллект боюнча мыйзамдардын топтомун карады

Өлкө жарандарынын макулдугусуз биометриялык маалыматтарды колдонуу чектелүү болот. Башкача айтканда, жалпыга жеткиликтүү булактардан жеке маалыматтарды максатсыз чогултууга тыюу салынат. Сенат жасалма интеллектке тиешелүү ушул жана башка жаңылыктарды камтыган мыйзамдар топтомун карады. Жалпысынан документтер жасалма интеллекттин улуттук платформасынын укуктук негиздерин түзүүгө багытталган. Атап айтканда, тармакты жөнгө салуунун негизги түшүнүктөрү менен механизмдерин, классификациясын жана аларды коопсуз колдонууга коюлуучу талаптарды белгилейт. Талкуунун жыйынтыгында сенаторлор мыйзамдарды колдоп, аларга бир катар түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Мисалы, нейротармактардын жардамы менен жасалган чыгармалар адамдын чыгармачылык салымы болгон учурда гана автордук укук менен корголот деген түзөтүү киргизүү маселеси талкууланды. Сенаттын депутаттары жасалма интеллектти пайдалануу учурундагы тобокелдиктерге байланыштуу өзгөртүүлөр боюнча да сунуштарды беришти. Буга байланыштуу мыйзамдарды Мажилиске кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Маулен Ашимбаев, КР Парламентинин сенатынын төрагасы:

- Өлкө Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев элге кайрылуусунда экономиканын бардык тармактарына жасалма интеллект технологияларын киргизүүнү тапшырды. Бул максатта бүгүн каралган мыйзамдар иштелип чыкты, алардын ченемдери жасалма интеллектти пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук системаны түзүүгө багытталган. Мыйзамдык деңгээлде терминдер бекитилген: жасалма интеллект, маалымат китепканасы жана башка бир катар негизги түшүнүктөр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков