Казакстан-Түркия: Кызматташтыкты өнүктүрүү

Казакстан-Түркия: Кызматташтыкты өнүктүрүү

Казакстандын президентинин Түркияга болгон сапары стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана ар кандай тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик негизди бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Алар экономика, энергетика, билим берүү, коргоо, транспорт сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга тиешелүү. Мындай пикирин серепчи Жанибек Арынов билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин түрк бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуулары да чоң мааниге ээ. Бул кызматташтыктын олуттуу дараметинен кабар берет. Өлкө жаңы инвестицияларды активдүү тартып, биргелешкен долбоорлорду сунуштайт.

Жанибек Арынов, Эл аралык мамилелер боюнча серепчи:

- Биз үчүн, балким, эң маанилүү багыттардын бири транспорт маселеси болмок - транспорт коридорлору - middle corridor/ортоңку коридор. Ал Казакстан аркылуу өтүп, андан ары Азербайжан, Грузия жана Түркияга барат - бул жагынан Түркия биз үчүн абдан маанилүү. Түркия менен байланышкан экинчи маселе - бул коргонуу жаатындагы кызматташтык. Түрк компаниялары менен көптөгөн келишимдерге кол коюлган. Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бизде кызматташтык кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу, биргелешкен машыгуулар боюнча абдан жакшы өнүгүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков