Түндүк Арал деңизин
сактоо долбоорунун экинчи этабын иштеп чыгуу аяктап калды. Анда Көкарал
дамбасын кайра куруу жана деңиз деңгээлин Балтика системасы боюнча 44 метрге
чейин көтөрүү каралган. Бул тууралуу Өкмөттө тармактык министр билдирди.
Натыйжада аянты 4 миң чарчы чакырымга жакындап, көлөмү 34 миллиард куб метрге
чейин көбөйөт. Министрдин маалыматы боюнча, деңизди ушул белгилерге чейин
толтуруу үчүн 4-5 жыл керек. Буга кошумча, Арал-Сырдарыя бассейнинде, Түркестан
жана Кызылорда облустарындагы сугат системаларын жаңыртуу жана автоматташтыруу
боюнча 167 долбоор колго алынат. Ошону менен бирге, аймакта суу үнөмдөө
технологиялары активдүү киргизилип, коңшу өлкөлөр менен транс чек аралык суу
булактары боюнча кызматташтык алкагы кеңейтилүүдө. Белгилей кетсек, Мамлекет
башчы Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултайдын V отурумунда Түндүк Арал деңизин
сактоо маселесин көтөргөн.
Нуржан Нуржигитов, Суу
ресурстары жана ирригация министри:
- Арал деңизин сактоо
маселеси мамлекеттик суу саясатынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп кала
берет. Былтыр Өзбекстан Республикасы менен транс чек аралык суу объекттерин
биргелешип башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Бул макулдашуу – он жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Ошентип, Казакстан коңшу
мамлекеттердин бардыгы менен транс чек аралык суу маселеси боюнча укуктук
базаны калыптандырууну аяктады. Ушул укуктук негизде эки тараптуу комиссиялар
түзүлүп, туруктуу өз ара аракеттенүү жана координация камсыздалат.
Олжас Бектенов, Казакстан
Республикасынын Премьер-министри:
- Арал деңизинин
маселеси Мамлекет башчысынын туруктуу көңүл чордонунда. Суу ресурстары
министрлиги ушул жылдын кулжа айынын 30на чейин Түндүк Арал деңизин сактоонун
экинчи этабын даярдоону аяктап, жылдын аягына чейин каржылоо маселесин, анын
ичинде эл аралык уюмдардын эсебинен каржылоону чечиши керек. Мамлекет
башчысынын Бириккен Улуттар Уюмунун аянтында Эл аралык суу уюмун түзүүгө
байланыштуу демилгесин андан ары илгерилетүү боюнча чаралар кабыл алынышы
зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

