Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кытайга
жумуш сапарынын алкагында КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен
жолугушту. Тараптар алдыңкы тармактардагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө транспорт-логистика тармагында Казакстан КЭР менен Европанын ортосундагы
кургактагы ташууда чечүүчү роль ойнойт. Республиканын аймагы аркылуу жүк
агымынын 85%дан ашыгы өтөт. Былтыр өлкөлөр ортосундагы темир жол ташуулары 11%
өскөн.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
– Өткөн
жылы өз ара сооданын көлөмү 48 миллиард доллардан ашты. Бүгүнкү күндө биз товар
жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүү боюнча жаңы, бийик максаттарга карай ишенимдүү
кадам таштап келебиз. Кытай
Казакстандын экономикасындагы эң ири 5 инвестордун катарына кирет жана болжол
менен 30 миллиард доллар көлөмүндө инвестиция салды. Өткөн жылы Кытайдан
тартылган инвестициялардын көлөмү 2,8 миллиард долларды түзүп, бул эки тараптуу
мамилелер тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болду.
Олжас Бектенов КЭРнын Далян шаарындагы «Бир алкак бир жол» демилгесине арналган сессияга катышты. Жолугушууда долбоорго катышуучу өлкөлөрдүн соода багыттарын жана жеткирүү чынжырларын кайра түзүү, санариптик инфраструктура маселелери жана долбоордун 2040-жылга чейинки келечеги талкууланды. Буга байланыштуу Казакстан акыркы 7 жылда транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүүгө 35 млрд доллардан ашык каражат жумшаганын айта кетүү керек. Актаудагы контейнердик хаб, Сиань кургак порттору, «Достык – Мойынты» темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

