Казакстанда энергетикалык калдыктарды утилизациялоочу заводдорду куруу мерчемделүүдө. Бул таштанды төгүлүүчү жайларда чогултулган таштандылардын көлөмүн бир кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.
Айта кетсек, өлкөдө жылына беш миллион тоннага чейин катуу таштандылар жана бир миллиард тоннага жакын өнөр жай калдыктары өндүрүлөт. Маалыматка ылайык, бүгүн жаңы экологиялык кодекс күчүнө кирет. Анын концепциясы OECD менен ЕБ өлкөлөрүнүн мыкты эко-тажрыйбаларын камтыган кайра жанма энергия жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча Бешинчи Евразиялык Форумдун катышуучулары тарабынан талкууланды. Атап айтканда, алар өндүрүш таштандыларын гана эмес, курулуш жана медициналык таштандыларды чыгаруу көйгөйүнө да токтолушту. Адистердин айтымында, экинчисин туура эмес тескөө экологиялык жана социалдык-экономикалык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бирок буга чейин Казакстанда таштандылардын бул түрүн башкаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар.
Виталий Времиш, Казакстандагы буунун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары:
Өлкөдөгү үч пилоттук аймакта жасалган ушундай долбоорду ишке ашырдык. Жаңы жабдууларды тааныштырдык, ошондой эле стандарттуу процедураларды иштеп чыктык. Медициналык таштандыларды туура иштетүү үчүн, жабдуулар менен камсыздоонун алкагында жана ушул тренингдердин, ар кандай ченемдик укуктук актылардын иштелип чыгышынын алкагында биз дагы да системалуу мамиле кылуу боюнча сунуштарды, тажрыйбаны үйрөнүп жатабыз.
Жалпысынан, спикер Казакстан "жашыл экономикага" өтүү боюнча мыкты эл аралык тажрыйбаны ишенимдүү жана динамикалуу өздөштүрүп, аны менен катар өз аймагында тенденция түзүп жаткандыгын белгиледи.
Виталий Времиш, Казакстандагы буунун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары:
Азыр кабыл алынып жаткан иш-чаралар, саясий иш-чаралар же стратегиялык иш-чаралар өтө маанилүү жана алар Казакстанда абдан өнүккөн, биз буга чейин 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан жашыл экономика боюнча концепция бар экендигин, ал буга чейин иштеп келгендигин айтканбыз. Экологиялык кодекс бар, башкача айтканда, бул саясий иш-чаралар абдан маанилүү жана менимче, Казакстан саясий иш-чаралар жагынан абдан өнүккөн деңгээлде.
Которгон: Илгиз Жамалбеков