Кытай Эл Республикасынын инвесторлору Казакстанда бир
нече долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Индустрия жана инфраструктураны
өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, кытайлык компаниялардын бири лифт
өндүрүшүнө инвестиция салууга кызыкдар.
Экинчиси, гранит чыгаруучу ишкананы ишке киргизүүнү
мерчемдеп жатат. Белгилей кетсек, кытайлык инвесторлордун катышуусунда тогуз
долбоор жүзөгө ашырылууда. Алардын жалпы баасы 2 миллиард доллардан ашат. Алдын
ала маалыматтар боюнча быйыл алты объект ишке кириши мүмкүн. Дагы 18 сунуш
бышыкталып жатат. Жалпысынан Казакстан-Кытай өнөр жай жана инвестициялык
кызматташуу долбоорлорунун тизмесинде 52 долбоор бар.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков