Казакстанда венчурдук инвестициялар рыногунун өнүгүүсү

Казакстанда венчурдук инвестициялык экосистеманын өнүгүү темпи жогору. Өткөн жылы өлкө бул багыттагы транзакциялардын көлөмү боюнча Борбор Азия чөлкөмү жана Кавказ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орунга чыкты. Муну реалдуу сандар ырастап турат. Маселен, облус боюнча мындай операциялардын жалпы суммасы 110 миллион долларды түзгөн. Анын 80 миллион доллардан ашыгы Казакстанда жасалган. Мисалы, Astana Venture Club ишке кирген бир жыл ичинде резиденттер тарабынан ар кандай стартаптарга жумшаган инвестициянын көлөмү 300 миң доллардан ашты. 6 долбоор өндүрүштүк жолго коюлду.

Нурасыл Жарасов, ASTANA VENTURE CLUB башчысы жана негиздөөчүсү: 

– Биз бизнес периштелер мектебинин эки агымын өткөрдүк. Өткөн жылы бул ишкердик топто жүзгө  жакын адамды окуттук. Натыйжада, бир нече келишимдер түзүлдү. Алардын 40ка жакыны ишенимдүү жана жигердүү резиденттер деп атоого болот. Биз аларга аз акчага кантип өз бизнесин баштоону жана аны кантип ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча кеңеш беребиз.

Венчурдук инвестициялар жогорку тобокелдикке ээ. Бирок ошол эле учурда жогорку кирешелүү каржылык инструмент экени эч кимге жашыруун эмес. Коом үчүн чоң мааниге ээ болгон актуалдуу долбоорлор рынокто өз ордун табаары белгилүү. Мындай сарамжалдуу жана ишке ашкан демилгелерге инвестиция салган бизнес периштелердин ийгиликтери арбын болору анык. Эң негизгиси рыноктун талабын билүү. Ошол эле учурда IT, финтех жана жасалма интеллект тармагындагы жаңы долбоорлор дараметтүү инвесторлор үчүн абдан жагымдуу болот. Анын жемиштерин жаңы баштаган ишканалар жана каржы булактарынын ээлери гана эмес, өнүмдөрдү колдонуучулар да көрүшү керек. Башкача айтканда, кардарга пайда алып келе турган долбоорлорду колго алуу жакшы дешет адистер. Мындай иштеп чыгуулар заманбап инновациялык платформаларда көрсөтүлөт. Astana Hub эл аралык технопаркынын резиденттери алардын өнүмдөрү рыноктун суроо-талабына жооп берерин далилдеп келишет.

Бакдаулет Тыгынбаев, Стартап долбоордун  негиздөөчүсү:

– Биздин спикер 2000 адамдан турган калың аудиториянын алдында өз өнүмдөрүн сунуштап, 25 мүнөттүн ичинде эле 1,5 миллион теңгеге кызмат көрсөттү. Азыр инвестициянын алгачкы баскычында турабыз, 150-200 миң доллардын тегерегинде акча чогулттук. Биздин жергиликтүү инвесторлор, бизнес-периштелер, ошондой эле чет элдик инвесторлор, анын ичинде венчурдук фонддор менен келишимдер бар.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы инновациялардын жана технологиялык тенденциялардын кыймылдаткыч күчү катары венчурдук капитал рыногун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир нече жолу айткан. Бул тармакка эл аралык оюнчуларды тартуу да маанилүү. Адистердин айтымында, дүйнөлүк рынокту багынта ала турган ата мекендик ийгиликтүү стартаптарга артыкчылык берүү абзел.

Которгон: Илгиз Жамалбеков