Казакстан Евразия континентинин негизги агрардык борбору болууга умтулат

2023-жылы Казакстандын агроөнөр жай комплексинде 207 инвестициялык долбоор пайдаланууга берилди. Алардын жалпы наркы 164,5 миллиард теңгени түзөт. Анын арасында сүт-товар фермалары, жашылча жана дан сактоочу жайлар, күнөсканалар жана башкалар бар. Жалпысынан 11 айдын ичинде республиканын айыл чарба тармагына 855 миллиард теңге инвестиция тартылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 11%га көп. Агроөнөр жай комплексин субсидиялоого бардык булактардан 500 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүндү.

Айдарбек Сапаров, Айыл чарба министри:
- Үстүбүздөгү жылдын 11 айында айыл чарбасынын дүң өнүмдөрүнүн көлөмү 8,2 триллион теңгени түздү. 16,6 миллион тонна дан, 2,1 миллион тонна май өсүмдүктөрү жана 5 миллион даана тоют өсүмдүктөрү жыйналды. Түшүм былтыркы жылдын балансын эске алганда ички рынокту толук камсыз кылууга жетиштүү. Казакстанда мал чарбасы туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат. Өндүрүлгөн өнүмдөрдүн көлөмү 3,3%га өсүп, 3,8 триллион теңгени түздү. Бодо малдын жана бакма канаттуулардын саны 3 пайыздан 9,5 пайызга чейин өстү. Тамак-аш өндүрүшүнүн көлөмү 1,9%га өсүп, 2,9 триллион теңгеге жетти.

Агроөнөр жай комплекси Казакстандын экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун негизи болуп саналат. Быйыл бул тармакты өнүктүрүүгө жана колдоого 1 триллион 200 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүндү. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы өлкөнүн стратегиялык максатын жарыялап, ага ылайык Казакстан Евразия континентинин негизги агрардык борборлорунун бири болушу керек деген милдет койду. Бул үчүн алгачкы өнүмдү гана чыгарбастан, аны кайра иштетип, даяр өнүм чыгаруу зарыл. Эми үч жылдын ичинде айыл чарба тармагында кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн 70%га жеткирүү негизги милдет болуп саналат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков