Бизнес гранттарына арыздарды кабыл алуу бирдин айынын 20нан тарта башталат

Бизнес гранттарына арыздарды кабыл алуу бирдин айынын 20нан тарта башталат

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Биринчи агымдын алкагында республикада эки жарым миңден ашык грант берүү пландаштырылууда. Анын көлөмү 1 миллион 380 миң теңгени түзөт. Ар бир катышуучу аны бир гана жолу ала алат. Мекемеден билдиришкендей, каражат бизнесин жаңы баштаган ишкерлерге өздөрүнүн бизнес дараметин ачууга, өндүрүштү түптөөгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик грантка өзгөчө муктаждыктары бар адамдар, учурда «кандаш» макамына ээ болгондор, конуш оодаргандарга, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү, ошондой эле социалдык категорияга киргендер ээ боло алышат. Ошол эле учурда талапкерде 3 жылдан ашпаган мөөнөт менен «Бизнес баштоо» долбоорунун алкагында ишкердиктин негиздери боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу сертификаты болушу керек. Белгилей кетсек, гранттык өтүнмөлөр бирдиктүү терезе – Business.enbek.kz порталы аркылуу кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков