Бизнес идеяларды колдоо гранттарын алууга арыздар кабыл алынат

Бизнес идеяларды колдоо гранттарын алууга арыздар кабыл алынат

Баш оона айынын 29нан тарта казакстандыктардан бизнес-демилгелерди колдоо үчүн грант алууга арыздарды кабыл алуунун үчүнчү этабы башталат. Алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кандаш макамын алгандар, аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле жаштар бизнес-пландарын сунуштай алышат. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматынын негизинде үчүнчү этапта 7 миңге жакын жаранга колдоо көрсөтүү көздөлүүдө. Гранттык колдоого ээ болуунун да өз шарттары бар.

Аяулым Берекенова, Казакстандын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин калкты жумуш менен камсыз кылуу департаментинин башкармалык башчысы:

- Белгилей кетсек, грант алуу үчүн адамдар алгач “Стартап бизнес” долбоорунун алкагында ишкерликтин негиздерин үйрөнүшү керек. Бүгүнкү күндө Skills.enbek.kz платформасын колдонуу менен «Бизнес баштоо» долбоорунун алкагында ишкердиктин негиздери боюнча окутуу онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Жалпы гранттар республикалык бюджеттен каржыланат жана быйылкы жылы улуттук фонд бар, Президенттин улуттук корунан гранттарды каржылоого кошумча каражаттар бөлүндү. Ошентип, биз 23 миң жаранга жалпы суммасы 24,5 миллиард теңге грант берүүнү пландап жатабыз.

Бул жаатта айта кете турган нерсе, калкты иш менен камсыз кылуу борборлору бир жыл бою грант алуучунун каражатты өздөштүрүүсүнө көзөмөл жүргүзөт. Каржылык колдоо алган ишкер квартал сайын отчет берип турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков