Түркестан шаарына өзгөчө макам берилет. Сенат тиешелүү мыйзамды кабыл алды.
Документ Ыйык шаардын уникалдуу архитектуралык көрүнүшүн сактоого багытталган
ар кандай иш-чараларды камтыйт. Мисалы, Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзүнүн айланасындагы
аймакка курулуш салууга эми тыюу салынат. Башкача айтканда, күмбөздүн чек
арасынан жүз метр аралыкта бийиктиги жети метрден ашкан объекттер түзүлбөшү
керек. Жалпысынан мыйзам тарыхый жана маданий эстеликтерди башкаруунун жана
коргоонун натыйжалуу системасын түзүүгө гана эмес, ошондой эле улуттук кол
өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган. Документтин айрым ченемдери шаар акимиатына
жана маслихатка 37 жаңы ыйгарым укуктарды берет. Түркестандын акыркы жылдардагы
өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу тармактын адистери баяндап беришти.
Арман Касенов, Улуттук экономика вице-министри:
- Акыркы алты жылда
Түркестан калкы жылына орточо 5%га өстү, башкача айтканда өсүү темпи жогору.
Албетте, бул көрсөткүчтөр эске алынды. 2018-жылы республикалык бюджеттен болүнгөн
максаттуу трансферттер 13 миллиард теңгени, ал эми 2024-жылы 72 миллиард
теңгени түздү. Башкача айтканда, 6 жылдын ичинде шаарды каржылоо 5,5 эсеге өстү.
Бул оң таасирин тийгизди. Анткени, шаардын регионалдык дүң өнүм 6 эсе, өнүм
чыгаруу 10 эсе жана жеке жеке киреше 14 эсе ге чейин көбөйгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

