Быйыл 4 айда кайра иштетүү өнөр жайында өсүш 105% ашты

2024-жылдын алгачкы 4 айында ата мекендик өндүрүш өнөр жайынын өсүү темпи 105% ашты. Өндүрүлгөн өнүмдөрүн көлөмү 7 триллион теңгени түзүп, АКШ валютасында 5 миллиард 600 миллиондон ашык суммада кайра иштетилген товарлар экспорттолгон. Өкмөттүн жыйынында министрликтин башчысы Канат Шарлапаев өнөр жай министрлигинин негизги жетектөөчү багыттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, быйыл металлургиядагы өсүш 5%дан бир аз жогору. Бул багытта жалпы инвестициялык көлөмү 464 миллиард теңгеден ашык 21 долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат. Автоунаа өнөр жай тармагындагы өсүш 22%га барабар болду. Химия жана женил өнөр жайынын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү орточо деңгээлде. Министр ошондой эле 8 миң аймакта жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн чакан өнөр жай аймактарын түзүү пландалып жатканын билдирди. Курулушка 30 миллиард теңге бөлүнгөн.

Канат Шарлапев, Өнөр жай жана курулуш министри: 

- 2024-жылдагы долбоордук пулунда 1,5 триллион теңгени түзгөн 180 долбоор бар. Бул долбоорлор ишке киргенде 18 миңге жакын туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Долбоорлордун ичинде жүк ташуучу унаалар үчүн тетиктерди, карапа мештерди, жылуулук изоляциялоочу материалдарды, ферросилиций жана вольфрам концентраттарын өндүрүү бар. 180 долбоордун өндүрүш көлөмү 1,6 триллион теңгени, экспорт 600 миллиард теңгени, импортту алмаштыруу 1 триллион теңгени түзөт.

Казакстанда 2024-жылы мунай-гпз химия өнөр жайынын өндүрүшү 75% көбөйөт

Өкмөт ошондой эле мунай жана газ химиясы тармагындагы өнүмдөрдү өндүрүүнү көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Максат көрсөткүчтү 75 пайызга жеткирүү. Буга негиз бар. Себеби, үчтүн айы чын куран айларында өндүрүштүн көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эки эсеге өсүп, 213 миң тоннаны түздү. Энергетика министринин айтымында, жакынкы 5 жылда өлкөдө 5 ири долбоор жүзөгө ашырылат. Алардын жалпы суммасы 14 миллиард доллардан ашат.

Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри: 

- Бул долбоорлорду ишке ашыруу экономиканын жылдык өсүшүн 1,5%га алып келет. Ал эми быйылкы жылы бутадиенди жана анын туундуларын өндүрүү боюнча долбоордун курулушу башталат.  Ошондой эле 1,2 миллион тонна полиэтилен долбоору боюнча өлкөнүн тарыхындагы эң ири долбоорлордун бирине инвестициялык чечим кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков