Казакстандык ресторан дүйнөдөгү эң кооз кафелердин катарына кирди

Казакстандык ресторан дүйнөдөгү эң кооз 16 кафелердин катарына кирди. Белгилүү бизнес журналы болгон Forbes ЮНЕСКО уюму тарабынан бекитилген уникалдуу архитектуралык объекттердин тизмесин жарыялады. Тизмедеги бардык ресторандар Prix Versailles, Interior жана Exterior сыйлыктары үчүн ат салышат. Ал эми эң мыкты ресторандар бештин айында ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде белгилүү болот. Белгилей кетсек, казак рестораны көчмөндөрдүн ашканасын даңазалайт. Мындан тышкары Дубай, Мельбурн, Сан-Паулу, Гонконг, Париж, Милан, Коян, Түштүк Корея, Таиланд, Нью-Йорк, Папагайо жана Мальдив аралдарында ата мекендик ресторан менен бирге ресторандар бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков