Астанада Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. Казакстандын президенти
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин – Беларусь, Кыргызстан, Орусиянын – лидерлерине, ошондой
эле Армениянын вице-премьер-министрине, байкоочу мамлекеттерге жана чакырылган
конокторго иш-чараларга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү жыйындын
символикалуулугун баса белгиледи, ал 2014-жылы Евразиялык экономикалык биримдик
жөнүндө келишимге кол коюлган күнү өтүп жатат. Жогорку Евразиялык Кеңештин
чечими менен бугу айынын 29да расмий түрдө ЕАЭБ күнү деп жарыяланган. Бүгүнкү
күндө Биримдик оң макроэкономикалык динамикасын сактап келет. Дүйнөлүк рыноктун
туруксуздугуна карабастан, өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү 2025-жылы 95
миллиард доллардан ашты. Касым-Жомарт Токаев быйыл соода көлөмү 6% ашык өсөт
деп күтүлүп жатканын, бул 100 миллиард долларлык чекиттен ашып түшөрүн баса
белгиледи. Ошол эле учурда, президенттин айтымында, эл аралык уюмдардын
дүйнөлүк рыноктун абалына берген баалары көңүл жылытарлык эмес.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Эл аралык валюта
фондунун докладына
ылайык, үстүбүздөгү жылы дүйнөлүк экономиканын өсүш божомолу басаңдоо тарапка
өзгөрүп, 3 пайызды түздү. Глобалдык структуралык өзгөрүүлөр ЕАЭБдин
экономикалык динамикасына да таасирин тийгизбей койбосу айдан ачык. Мындай
шартта Бирикмебизди жаңы реалдуулуктарга ыңгайлаштыруу, ички туруктуулукту
чыңдоо жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу милдеттери өзгөчө
актуалдуулукка ээ болууда.
Жогорку Евразиялык Кеңештин төрагасы катары Казакстандын
Президенти интеграциялык түзүмдү андан ары өнүктүрүү боюнча бир катар
стратегиялык артыкчылыктарды белгиледи. Алардын катарына санариптик
технологияларды активдүү ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоо
жана тоскоолдуксуз сооданы кеңейтүү кирет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биримдиктин
ичиндеги маалыматтык системалардын өз ара интеграциясы – мезгилдин талабы. Бул
жагынан алганда, Евразия экономикалык комиссиясынын улуттук кызмат
көрсөтүүлөрдүн санариптик «көргөзмөсүн» түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иши өтө
актуалдуу. Мен бул процесстерди тездетип, ЕАЭБдин ичинде санариптик
транспорттук коридорлордун толук кандуу экосистемасын калыптандыруу керек деп
эсептейм. Бул багыттагы күч-аракеттерди бириктирүү Евразия үчүн жогорку
технологиялуу транспорттук хабды түзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем.
Санариптик трансформация ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексине да таасирин тийгизиши керек. Казакстан жаңы технологияларды натыйжалуу колдонуунун конкреттүү үлгүсүн көрсөтүп турат. Айыл чарба жерлерин санариптештирүүнүн жана болжолдоо системаларынын аркасында өлкө экинчи жыл катары менен рекорддук дан көлөмүн – 27 миллион тоннаны жыйнап алды. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, жогорку технологиялуу айыл чарба долбоорлорунун колдоосу менен ЕАЭБдин дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы позициясы бекемделет. Бул долбоорлорду каржылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынын дараметин пайдалануу керек. Жолугушууда тышкы өнөктөштөр менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо маселеси да талкууланды. Казакстандын Президенти Биримдиктин араб дүйнөсүндөгү, Түштүк-Чыгыш Азиядагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы өлкөлөр менен, ошондой эле кадыр-барктуу аймактык экономикалык бирикмелер менен байланыштарын андан ары кеңейтүү зарыл деп эсептейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

