Казакстан суу ташкынына даярдык көрө баштады. Өлкөнүн бардык аймактарында бир жарым миңден ашык гидротехникалык курулуштар текшерилди. Алар жазында эриген кар сууну коопсуз жиберүүгө даяр болушу керек. Бардык аныкталган кемчиликтер жоюлду.
Сергей Добрынин, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги гидротехникалык курулуштар башкармасынын башкы серепчиси:
- Ошондой эле 105 гидро курулушка көп факторлуу изилдөө жүрүп жатат, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 объектке көп. Мындан тышкары, министрлик акимиаттар менен биргеликте 2025-2027-жылдарга калктуу пункттардын жанындагы суу ташкыны коркунучу бар дарыя участокторун санациядан өткөрүү боюнча Жол картасын бекитти. 10 облуста 51 дарыя участогу жана 1 көл аныкталды. Тазаланган участкалардын жалпы узундугу 814 чакырымды түзөт.
Суу сактагычтарды жана башка суу жабдыктарын жаңыртуу жана оңдоо боюнча масштабдуу иштер былтыртан бери башталды. Актөбе жана Киров суу сактагычтары, «Аксай» каналы реконструкцияланды. Мындан тышкары, өлкөнүн 16 аймагында суу ташкынына даярдык иштери жүрүшүндө 400гө жакын дамбалар оңдолду. Ошондой эле Акмола, Актөбе, Батыш Казакстан, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Костанай облустарынын 84 калктуу конуштарын куруу, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча гидротехникалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул болжол менен 400 миң адамдын коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

