Казакстан Республикасынын Премьер-министри: AI ишке ашыруу – энергетика секторундагы өсүүнүн ачыгы

Казакстан Республикасынын Премьер-министри: AI ишке ашыруу – энергетика секторундагы өсүүнүн ачыгы

Жасалма интеллект Казакстандын энергетика тармагында натыйжалуулуктун негизги куралына айланат. Өлкөдө AI-чечимдер геологиялык чалгындоо, өндүрүү жана ташуу, кайра иштетүү процесстерин оптималдаштыруу үчүн колдонулат. Өлкөнүн премьер-министри KAZENERGY Евразиялык форумунда санариптештирүү Казакстандын аймактагы башкы келечеги экенин билдирди. Анын айтымында, маалыматтарды талдоодо жасалма интеллектти пайдалануу өндүрүү темпин жакшыртууга жана колдонуудагы кен чыккан жерлерде гана эмес, ошондой эле чакан жана орто кендердин дараметин ачууга мүмкүндүк берет. Өкмөт башчысы өлкө эл аралык уюмдар жана бизнес менен кызматташууга ачык жана ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерин белгиледи. Олжас Бектенов Мамлекет башчысынын форумга катышуучуларга арналган Үндөөсүн окуп берди.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Казакстан энергетика тармагына инвестиция тартууга, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өзгөчө маани берет. Бул жагынан алганда, өлкөбүз жоопкерчилиги жогору орто держава катары Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, МАГАТЭ жана ОПЕК сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар менен байланышын бекемдей түшүүгө жана жаркын келечек үчүн биргелешип иштөөгө кызыкдар. Форумдун алкагында энергетика тармагын өркүндөтүүгө жол ача турган жаңы идеялар жана жаратман демилгелер сунушталат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков