Казакстанда
жасалма интеллектти колдонуу менен геологиялык чалгындоо тармагында масштабдуу
долбоор ишке киргизилүүдө. Big Data долбоору маалыматтардын ири көлөмүн чогултууга
жана талдоого багытталган, ал БАЭнин методологиясы боюнча ишке ашырылууда. Пилоттук
этап аяктап, долбоор расмий түрдө башталды. Тиешелүү мекеме белгилегендей, аны ишке ашыруу
2028-жылга чейин уланат. Натыйжада өлкөдө толугу менен структураланган
геомаалыматтар базасы пайда болот. Ошол эле учурда Казакстанда геологиялык
маалыматтын Улуттук санариптик фонду түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө акыркы 80 жылда
түзүлгөн бардык материалдардын жана отчеттордун 80%дан ашыгы сканерден
өткөрүлдү. Ал эми санариптик форматка толук өтүү 2026-жылдын аягына чейин мерчемделүүдө. Мындан тышкары, өлкөдө
жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы түзүлдү, ал арыз берүүдөн
лицензия алууга чейин толук санариптик циклди камсыз кылат. Бул жылы 5,5 миңден
ашык келишим жана лицензия санариптештирилип, 45 миллиард теңгеге электрондук
аукциондор өткөрүлдү.
Иран Шархан, Өнөр жай
жана курулуш вице-министри:
- Бирдиктүү платформада 66 миңден
ашык геологиялык отчетко жетүү камсыздалган. Ошол эле учурда геологиялык
баштапкы маалыматтарды санариптештирүү жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө геологиялык
баштапкы маалыматтардын 73%дан ашыгы электрондук форматка которулду, жылдын
аягына чейин маалыматтардын 97%ы санариптештирилет, толук санариптештирүү
2026-жылы аяктайт.
Ал
эми борбор калаада заманбап Улуттук геологиялык лаборатория пайда болот. Ал
геологиялык кластердин бир бөлүгү болуп калат. Борбордо геологиялык чалгындоого
заманбап илимий ыкмаларды киргизүү үчүн изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул талдоонун
тактыгын жогорулатууга, кен чыккан жерлерди иштеп чыгууну тездетүүгө жана
өлкөнүн минералдык-чийки зат секторунун инвестициялык жагымдуулугун
жогорулатууга жардам берет. Геологиялык лабораториянын курулушун кийинки жылы
эле баштоо зарыл. Бул жана тармакты өнүктүрүүгө багытталган башка тапшырмаларды
Премьер-министр Өкмөттүн жыйынында берди.
Олжас
Бектенов, Казакстан премьер-министри:
- Өнөр
жай министрлигине каржы министрлиги, жасалма интеллект министрлиги жана Улуттук
геологиялык кызмат менен биргеликте кийинки жылдын аягына чейин тарыхый
маалыматтарды санариптештирүүнү аяктоону тапшырам. Бул жалпысынан Казакстандын
тарыхый жана жаңы геологиялык маалыматтарына жеткиликтүүлүктү жеңилдетет,
ошондой эле инвестицияларды тартуу, кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштеп
чыгуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетет. Өнөр жай министрлигине
кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте 2026-жылдын биринчи жарым
жылдыгынын аягына чейин жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасынын
алкагында мейкиндик маалыматтарын интеграциялоону камсыз кылуу тапшырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

