Сенаттын пленардык отурумунда Суу кодекси жана аны
коштогон документ эки окууда каралды. Жогорку палата документтердин айрым
беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизип, Мажилиске кайтарды. Алсак, суу ресурстарын
пайдалануу үчүн акы төлөө менен байланышкан бир катар ченемдерди Салык
кодексине ылайык келтирүү такталды. Мындан тышкары, суу фондусун коргоо жана
пайдалануу жаатындагы мамлекеттик байкоо жана көзөмөлдөө эрежелерине
өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле суу пайдаланууга уруксаттан ажыратуу
тартибин кайра карап чыгуу да каралууда. Дагы бир маанилүү жагдай-документти
ишкердик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү маанилүү.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Суу кодексинде бассейндик суу
инспекцияларына байкоо жана көзөмөлдөө функциялары берилет. Башкача айтканда
документ кабыл алынгандан кийин аталган инспекциялар эч кандай эскертүүсүз
ишкердик субъекттери, айыл чарба объекттери жана өндүрүш очоктору боюнча
контролдук иштерди жүргүзө алышат. Алар түзүлгөн келишимдердин чегинде сууну
кантип колдонушат? Мунун баары текшерилет. Ошол себептен биз ишкердик кодексине
бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.
КМШ
мамлекеттери жемкорлук менен күрөшүү үчүн кызматташтыкты арттырат
Сенат көз карандысыз
Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коррупцияга каршы
күрөшүүдөгү кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялады. Документ
мыйзамсыз кирешелерди издөөнү жана кайтарууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле атайын
маалыматтык системаларды түзүү жана пайдалануу сыяктуу бир катар багыттар
боюнча кызматташууну камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

