Казакстан Курык портунда деңиз түбүн тереңдетүү долбоорун
баштады. План боюнча тереңдик 5 метрге чейин көбөйөт. Долбоор 2026-жылдын теке айында
аяктайт. Транскаспий багытынын алкагында колго алынган стратегиялык долбоор жүк
ташууну арттырып, транзиттик агымды көбөйтүүгө жол ачат. Белгилей кетсек,
өлкөдө Каспий түйүнүн өнүктүрүү үчүн эки ири долбоор ишке ашырылууда – бул
Актау портунда контейнердик хабдын курулушу жана Курык портунда «Саржа» көп
функционалдуу деңиз терминалы. Алар «Актау деңиз порту» атайын экономикалык
аймагына кошулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

