КМШ өлкөлөрү өз ара
сооданын жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Сенат буга
багытталган мыйзамды жактырды. Казакстандын Орусияга, Кыргызстанга, Арменияга
жана Беларуска кызматтарды сатуу шарттары Евразия экономикалык биримдигинин
алкагында жөнгө салынган. Ал эми Тажикстан менен бул багыттагы кызматташтык
Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында ишке ашырылууда. Өзбекстан аталган уюмдардын
бирине да кирбейт. Ошондуктан документте анын бул рынокко катышуусу үчүн
шарттарды түзүү артыкчылык берилет. Белгилей кетсек, Казакстан өнүмдөрү
Өзбекстанда суроо-талапка ээ. Алсак, өткөн жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара
соодасынын жалпы көлөмү 900 миллион доллардан ашкан. Алардын жарымынан көбү ата
мекендик экспорттун үлүшүнө туура келет.
Серик Шайдаров,
Парламент Сенатынын депутаты:
- Өзбекстан келишимдин
алкагында юридикалык, салык, бухгалтердик, архитектуралык, инженердик,
маалыматтык-тейлөө, туризм жана башка бир катар тармактарды кошо алганда, 54 чакан
кызмат көрсөтүү секторун шайкештендирет. Бул казакстандык компаниялардын өзбек
рыногуна чыгуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Мыйзамдын максаты-казакстандык кызматтарды экспорттоочулар үчүн өнөктөш рынокторго
жеткиликтүүлүктү, казакстандык капидалдын катышуусу менен ишканаларды түзүү
үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана өз ара
инвестицияларды коргоо үчүн кошумча шарттарды түзүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

